Президент тоо-кен тармагында чылгый коррупция бар экенин айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын тоо-кен тармагы коррупцияга малынып калганын  айтты. Ошондой эле тоо-кен казууга мыйзамсыз лицензия берген 5 төрагага кылмыш иши козголгонун ачыктады. 

Бүгүн Коопсуздук Кеңешинин жыйынында жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө  маселе талкууланды.

Мамлекет башчысы жер казынасын сактоо, жаратылыш байлыктарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу — улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун артыкчылыктуу багыттардын бири экенин баса белгиледи. Азыркы учурда тоо-кен казуу тармагынан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге 12 миллиард сомго жакын киреше түшөт. Бул ички дүң продуктунун 8 пайызына жакын жана өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 44 пайызын түзөт. Өлкөнүн 18 миңден ашык жараны тоо-кен казуу тармагынын өндүрүш ишине тартылган. Тоо-кен өнөр жайынын негизин алтын кен тармагы түзөт, чет элдик компаниялардын инвестициялары негизинен ушул, алтын казуу багытында болуп жатат.

«-Жергиликтүү бийлик көп учурда кайсы инвесторго кен иштетүүгө лицензия берилип жатканын билбей калат. Натыйжада, калкка түшүндүрүү иштери жүрмөк тургай, жергиликтүү бийлик ошол аймакка инвестиция салууга келген инвестор менен да иштиктүү мамиле түзө албай калган учурлар көп. Мындай өз ара кызматташуунун жоктугу инвестициялык климатка да, жергиликтүү калктын маанайына да терс таасирин тийгизүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал белгилегендей, Кен чыккан жерлерди иштетүүгө лицензия берүү маселеси — бул чөйрөдөгү эӊ актуалдуу маселенин бири. Эгемендикти алган жылдардан бери жер казынасын пайдалануу укугуна ээлик кылуучу лицензиялардын жалпы саны 2 571. Алтын кени чыккан жерлердин дээрлик баардыгына геологиялык изилдөө жана аны өздөштүрүү үчүн жеке компанияларга уруксат берилген. Бирок, кен чыккан жерлерге уруксат берүүдө, көп учурда, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктары эске алынган эмес. Тескерисинче, тар чөйрөнүн, айрым таасирдүү топтордун кызыкчылыктарын коргоо басымдуу болуп кеткен. Анын айынан лицензия берилип, бирок, кен чыккан жерлер өздөштүрүлбөй турган жагдай түзүлдү.

«-Жылдан жылга колдо жүргөн лицензиялардын саны өсүшү байкалууда. Бул тармакта кадимки эле алып сатарлыкка жол берилип келген. Жолун тапкандар, коррупциялык схемалар менен лицензияларды алышып, алып-сатарлык баада сатып келишкен, же аны кийин кымбат баада сатуу үчүн өзүндө кармап жатышат. Ошол үчүн мен 2018-жылы лицензия берүүнү кылдат анализдеп, инвентаризация кылууну тапшырдым. Мунун жыйынтыгында биз ачык-айкындыкка жетишебиз. Бирок, лицензияны кармап калуу үчүн киргизилген төлөм абалды жакшыртууга жардам берген жок. Кенди иштеткенге караганда лицензияны кармап калуу үчүн акы төлөө оңой болууда», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана кошумча инвестицияларды тартууга мына ушул, коррупциялык түрдө лицензия берүү практикасы тоскоол болуп жатканын жана тез арада тиешелүү мыйзамдарга кен иштетүү тармагында ачыктык, адилеттик, таза атаандаштыкты камсыз кылууга зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын, ал өзгөртүүлөр өлкөнүн инвестициялык климатын оңдоого, инвесторлорго жагымдуу шарттады түзүүгө багытталышы керек экенин белгиледи.

Президент кен пайдалануу маселелерин тескеген Мамлекеттик комитеттин ишине коррупция канчалык терең сиңип кеткенин далилдеген фактыны келтирди.

Ал айткандай, 2009-жылдан 2018-жылдар аралыгында бул мамлекеттик органдын беш төрагасына карата кызматтык жана коррупциялык кылмыштарды жасоо боюнча жазык иштери козголгон. Акыркы 8 жылдын ичинде бул Мамлекеттик комитеттин кызмат адамдарына жана жеке ишкерлерге карата жүзгө жакын кылмыш иши козголгон. Булардын басымдуу көрчүлүгү — коррупцияга малынып, элдин ырыскысына кол салгандар.

 

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо