Тоолуу райондордо кар көчүшү күтүлүүдө

30-январдан 1-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчүшү күтүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү ыктымалы төмөнкү аймактарда күтүлүп жатканын белгилейт:

Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолундагы Чапчыма ашуусу, Красная-Горка-Ак-Таш, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ош-Сары-Таш-Эркештам жолундагы Талдык ашуусу, Казарман-Актал-Чат унаа жолунун Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Гөө ашуусу жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши керектигин өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.

 

Туголбай кызы Айжамал
Автор Туголбай кызы Айжамал 339 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо