Жер үлүшүнө бак-дарак эгүүгө уруксат берилиши мүмкүн

Жогорку Кеңеште үлүш жерлерге бак-дарак тигүүгө уруксат берүү каралды. Бул боюнча мыйзам долбоор 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеӊеш жыйынында “айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын бириктирилген долбоору каралды. Алар жер кодексине, салык кодексине, “сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө.

Депутат Айтмамат Назаровдун пикиринде мыйзам долбоору сугат айдоо жерлеринин бонитети (жогорку сапаты) 40 тан төмөн болгон тилкелерине бак-дарак тигүүгө уруксат берүү максатында даярдалган. Ал эми азыркы бириктирилген долбоордо коңшу жер ээсинин макулдугу менен үлүш жерине бак-дарак тигүүгө уруксат берүү каралууда. Мыйзам долбоору кабыл алынып калса, бак-дарак тигүү боюнча жарандардан кайрылуу келсе, айыл чарба министрлиги уруксат берет. Ошону менен катар бак-дарактарды кайракы, таштак жерлерге отургузууга басым жасоо сунушталып жатат. Мындан сырткары, бул жерлерге болгон салык төлөмү өзгөрүүсүз калууда.

Мыйзам долбоорун 3-окууда добуш берүүгө жиберилди.

 

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо