
Кыргызстандын жаштар курама командасынын футболчусу Айдар Мамбеталиев карьерасын Японияда улантат.
21 жаштагы Айдар Япониянын аймактык лигасында ойногон Ococias Kyoto AC клубу менен келишим түздү.
Ал өз билдирүүсүндө «Берилген мүмкүнчүлүк үчүн клубдун жетекчилигине рахмат. Мен командага кошулганыма абдан кубанычтамын. Мен Японияга биринчи жолу келдим жана өзүмдүн командама жаңы бийиктиктерди багынтууга жардам бергенге аракет кылам», деп белгиледи Айдар клубтун сайтына берген маегинде.
Айдар Мамбеталиев буга чейин Кант шаарынын Абдыш-Ата клубунда ойноп келген.
Оставьте первый комментарий