Бишкекке Орусиянын тышкы иштер министри келет

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 3-4-февралда Бишкекке келет. Бул тууралуу «РИА Новости» ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарованын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты. 

«Министрди Кыргызстандын президенти кабыл алат. Ошондой эле өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт«, — деди Захарова.

Ал белгилегендей, жолугушуу учурунда Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган сапары боюнча сөз болот. Андан сырткары эки тараптуу мамилелер жана алдыдагы пландар талкууланат.

Расмий сапар Кыргызстандын чакыруусу менен ишке ашат.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*