Европа Биримдиги виза төлөмдөрүн 80 еврого жогорулатат

Европа Биримдигине мүчө өлкөлөр виза алууга кайрылуу төлөмдөрүн 80 еврого жогорулатат.

Европа Парламенти ЕБнын виза эрежелеринин жаңыланышына байланыштуу Европа Биримдиги Кеңеши менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдө макулдашуу түзүлгөнүн билдирди.

Европа Биримдигинин 100дөн ашуун өлкөнүн жарандарына ишке ашырып жаткан саякат визасы акыларында өзгөрүү киргизилет. Ушул алкакта Европа Биримдиги өлкөлөрүнө виза кайрылууларында алынган 60 евролук төлөм 80 еврого жеткирилет.

Төлөм студенттерден, окумуштуулардан жана 12 жашка чейинки балдардан алынбайт. Өнөрпоздор, спортчулар жана тез-тез саякаттагандар үчүн көп жолу кирүү визалары камсыздалат. Визага саякат кылаардан 6 ай мурда кайрылса болот.

Макулдашуунун мыйзамдашуусу үчүн Европа Парламенти менен Европа Биримдиги Кеңеши расмий түрдө бекитүүсү керек.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*