
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы дүйнө биринчилигинин тандоо турунда ойноого дардык көрүп жатат.
Хоккей федерациясынан билдиргендей, мелдеш Бириккен Араб Эмирлигинде ушул жылдын 31-мартында башталып, 6-апрелде аяктайт.
Кыргызстандын курама командасы 2020-жылдагы дүйнө чемпиондугунун үчүнчү дивизионунда «А» тайпасында ойнойт. Анда БАЭ, Кувейт, Таиланд, Босния-Герцеговина жана Гонконгдун командалары менен беттештерди өткөрөт.
Эске сала кетсек, Эл аралык хоккей федерациясынын (IIHF) 2018-жылдын 18-майында Даниянын Копенгаген шаарында өткөн жылдык конгрессинде Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы дүйнө биринчилигине катышаары белгилүү болгон.
Оставьте первый комментарий