
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ жана алардын шериктештер өлкөлөрүнүн Венесуэлага карата эл аралык укуктук нормаларды бузуп жатканы тынчсыздыра турган маселе экенин айтты.
Лавров, Сьерра-Леоненин тышкы иштер министри Алие Кабба менен борбор калаа Москвада жолугушуусунан кийин маалымат жыйын өткөрүп, журналисттердин күн тартип тууралуу суроолоруна жооп берди.
Венесуэлада өзүн убактылуу президент катары жарыялаган Улуттук парламенттин башчысы Хуан Гуайдону колдоого алган Вешингтондун бардык эл аралык укуктук нормаларды бузганын белгилеген.
«Албетте, АКШ жана жакын шериктештеринин Венесуэла тууралуу эске келе турган бардык эл аралык укуктук нормаларды бузуп жаткандарына ойлонуп атабыз»,-деп айтты Лавров.
Лавров ачык эле түрдө Венесуэлада мыйзамдуу бийликти кулатуу саясаты болгонуна басым жасады.
АКШнын Венесуэлада мыйзамсыз түрдө режимди өзгөртүү жолуна түшкөнүн айткан Лавров Орусиянын дүйнөлүк коомчулуктун калган жооптуу мүчөлөрү менен бирге конституциялык платформада Венесуэланын президенти Николас Мадуронун мыйзамдуу башкаруусун колдой турганын белгиледи.
Оставьте первый комментарий