Николас Мадуро: Дональд Трамп мени өлтүрүүгө буйрук берди

РИА кабар агенттигине берген маегинде Николас Мадуро эл аралык  ортомчулулардын кийлигишүүсү менен Венесуэланын келечеги жана тынчтыгы үчүн оппозиция менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. 

Венесуэланын президенти Николас Мадуро мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнү колдойт. Бирок, президенттик шайлоо өз учурунда өтөт деди. Мадуронун айтымында, өлкө президенттик шайлоо 2025-жылы өтүшү мүмкүн.

Николас Мадуро өз маегинде Дональд Трамптын Колумбия өкмөтү менен мафияга «Мадурону өлтүргүлө» деген буйрук бергенин айтты.

АКШ Венесуэлада төңкөрүш жасоого белсенди. Бирок ийгиликке жетишкен жок. Эми Венесуэлага аскердик жактан кийлигигишүү аракетин көрүүдө. Бирок Вашингтондун бул аракетине, Евробиримдик, Канада жана Латын Америка өлкөлөрү каршы экенин билдиришти.

«Коркутууларга эч качан моюн сунбайбыз. АКШ, биздин жерибизге басып кирүүнү эч качан ойлонбосун»-деди Венесуэланын президенти Николас Мадуро.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*