Опера жана балет театрын Каримберди Турапов жетектейт

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов кызматынан бошотулуп, ордуна Каримберди Турапов дайындалды.  

Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиргендей, тийиштүү буйрукка премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Болот Осмонов өзү жазган арыздын негизинде кызматтан бошотулганы маалымдалды.

Каримберди Турапов кыргыз эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз улуттук консерваториясынын профессору.

19-январда опера жана балет театрында «Dota-2» тармактык компьютер оюндарынын мелдеши болуп, ал театр сүйүүчүлөрдүн сынына кабылган. Кийинчерээк маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов театрдын жетекчилигинин кызматтык жоопкерчилиги караларын билдирген эле.

Автор Т-медиа 11649 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*