Сулайманов: конституцияны өзгөртүү бийлик рычагын бекемдөөнү көздөйт

Депутат Алтынбек Сулайманов парламенттин жалпы жыйынында баш мыйзамды өзгөртүү боюнча сөз жүрүп жатканын айтып чыкты. 

Сулайманов конституцияны кайрадан өзгөртүү туура эместигин айтып, буга чейинки өзгөрүүлөр бийликтин рычагын бекемдөөнү көздөп келгенин билдирди.

Референдумда эл парламенттик башкаруу жолду тандаганын, баш мыйзамдын иштешин камсыз кылыш керектигин эскертти.

«Өзүӊүздөр жакшы билесиздер, Конституция жоболоруна ылайык, Жогорку Кеӊешке көптөгөн ыйгарым укуктар берилген. Мисалы, парламент мамлекеттик бюджетти бекитет. Президент ага өзгөртүүсүз эле кол коюп жатат. Жогорку Кеӊештин 80 жылдык маарекесине арналган иш-чарада «легендарлуу парламенттин» спикери Медеткан Шеримкулов Конституция өзгөртүүлөрдү киргизүү эртелик кыларын айткан болчу, мен ага кошулам. Биз Баш мыйзамдын иштешин камсыз кылышыбыз керек. Ал эми көмүскө күчтөр эл арасын дүрбөткөндү токтотсун», — деди Алтынбек Сулайманов.

Буга чейин баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилгечи топ түзүлгөн болчу. Аны жарандык активист Айбек Бусурманкулов жетектейт.

Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылы 5-майда кабыл алынган. Акыркы жолу өзгөртүү боюнча референдум 2016-жылы 11-декабрда өткөн.

 

Автор Т-медиа 11931 статья

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*