Жаңы дайындалган министрлер ант беришти

Каржы министрине дайындалган Бактыгүл Жээнбекова менен транспорт жана жол министрине дайындалган Жанат Бейшенов парламентте ант берип, ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти.

Ант берүү аземине президент Сооронбай Жээнбеков катышты. Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан эки министрди  куттуктап, алардын ишинде ийгиликтерди каалады.

Жанат Бейшенов 25-январда транспорт жана жол министри болуп дайындалган. Мурдагы министр Жамшитбек Калилов декабрда өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Калилов «ири өлчөмдө пара алган” деген шек менен кармалган орун басарын жактап чыккандан кийин сынга кабылган.

Ал эми Бактыгүл Жээнбаева 2018-жылдын 13-декабрында каржы министри болуп дайындалган. Мурдагы министр Адылбек Касымалиев6-декабрда өз арызы менен кызматтан кеткен.

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо