Азиз Сыдыков Ирандын “Санат Нафт” клубуна ижарага өттү.

Кыргызстан курама командасынын жана Дордой футболдук клубунун жарым коргоочусу Азиз Сыдыков Ирандын “Санат Нафт” клубуна ижарага өттү.

Оюнчунун ижара мөөнөтү 5 ай болуп, келишим ачыкталган эмес. Бул тууралуу “Санат Нафт” клубунун расмий сайтына таянып, sport.akipress.org сайты жазып чыкты.

“Санат Нафт” Ирандын Абадан шаарынын командасы болуп эсептелет. Команда быйылкы сезондо 16 команданын ичинде 11-орунда келатат.

Азиз Сыдыков Ирандык клубтагы алгачкы оюнун 5-февралда өткөрүшү мүмкүн. “Санат Нафт” бул турда өз үйүндө чемпионатта лидерлик кылган “Сепахан” клубун кабыл алат.

 

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо