Балдарын таштап кеткен эне келди

Ошто эки баласын батирге калтырып келбей койгон эне келди. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдирип, бирок балдар берилбей турганын кабарлашты. 

Эки кызын батирге калтырып кеткен Хаитхон деген аял бүгүн, 1-февралда балдарын кайтарып алуу үчүн шаардык социалдык коргоо башкармалыгына келген. Шаардык милициядан билдиргендей, 31 жаштагы аял он күн боюу Кара-Сууда ашпозчулук кылып иштеген. Ал эми мэриянын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров балдар энесине берилбеди деп кабарлады.

«-Балдар энесине азырынча берилбейт. Анткени балдардын күбөлүктөрү, документтери жок экен. Азыр социалдык коргоо башкармалыгы тарабынан күбөлүктөр даярдалып жатат. Төрөт үйлөрүнөн справка алынып, бардык жардамдар берилип бүтсүн. Апасы азыр так эмес сөздөрдү айтып жатат. Качан гана апасы ишенимдүү сүйлөгөндөн кийин беребиз», -деди Абсаттаров.

Эске салсак, эки күн мурун Ош шаарында эки кызын ижарада жашаган батирге калтырып кеткенин милиция кабарлаган. 

Милиция жаш балдардын жашоо шарты начар болгондуктан, социалдык коргоо кызматы менен биргеликте Ош шаарындагы балдар үйүнѳ ѳткѳрүп беришкен.

Арген Нуров
Автор Арген Нуров 139 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо