Эрнист Батырканов Словакиялык клуб менен келишим түзүшү мүмкүн

Кыргызстан курама командасынын жана Дордой футболдук клубунун чабуулчусу Эрнис Батыркановго Словакиянын «Спартак Трнава» клубу кызыгууда.

Азыркы учурда футболчу  Анталияда аталган клубтун машыгууларына катышып, машыктыруучулардын сыноосунан өтүүдө. Бул тууралуу Дордой клубунун маалымат кызматына таянып, sport.akipress.org сайты жазып чыкты.

Спартак Трнава футболдук клуба Словакиянын учурдагы чемпиону. Команда 1923-жылы түзүлүп, 6 ирет өлкө чемпиондугун жеңип алган.

Ал эми Эрнис Батырканов буга чейин Дордой клубунда ойноп келген. Ал өткөн жылдагы сезондо жалпы 17 гол жаратып, Дордой командасындагы эң мыкты чабуулчу аталган.

Т-медиа
Автор Т-медиа 6041 статья

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо