
Филиппиндеги мечиттердин бирине болгон кол салуудан 2 киши каза таап, 4 киши жаракат алды.
Кол салуу Минданао аралындагы бир мечитке жасалгандыгы билдирилди.
Граната ыргытылган кол салууда 2 киши каза тапкан. Дагы 4 кишинин жаракат алганы белгиленди.
Азырынча мечиттеги жардыруу кимдер тарабынан уюштурулгандыгы аныктала элек. Иликтөө иштери жүрүп жатат.
Өлкөдө жекшемби күнү чиркөөгө кол салуу болуп, 27 киши каза тапкан, 70тен ашуун киши жаракат алган болчу. Бул кол салуунун жоопкерчилигин террордук уюм ДЕАШ өз мойнуна алган.
Оставьте первый комментарий