
Ош шаарынын Курманжан Датка кичи районундагы балдар аянтчасында белгисиз аял эки өспүрүм кызды токмоктогон. Окуя боюнча милиция иш козгоду.
Кыздардын апасы Батина Акматова билдиргендей, ал 29-январь күнү кечинде эс алуу аянтчасынан чыгып жаткан учурда жаш балдардын арасында келишпестик пайда болуп, жыйынтыгында белгисиз аял эки кызын сабап салган. Жабыркаган наристелердин бири ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген болчу.
«Биринчи этажда кире бериште автомат бар. Ошол жерде кыздарым мени күтүп турган болчу. Мен эсеп төлөп чыгып жаткам. Кыздарым бир маалда ыйлап баштады. Чуркап чыксам эле бизди бир эже уруп койду деди. Мүмкүн жаш балдар бири-бирин капа кылган. Ал эже кызы ыйлай баштаганда эле бизди издебей менин кыздардымды аркасынан барып уруп салыптыр«,-деди Батина Акматова.
Батина Акматова кыздарынын токмоктолгон видеосун инстаграм баракчасына жүктөгөн. Ал тасма балдар аятчасынын видео байкоосуна жазылып калган.
https://www.instagram.com/p/BtRBvyzHHKm/
Кыздардын апасы өкуя болгон күнү эле милицияга арыз менен кайрылган. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков билдиргендей, окуя майда бейбаштык катары милициянын каттоосуна алынып, кыздарга экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
«Эс алуу аянтчасынын экинчи этажында берки урган аялдын кызы менен Акматованын кыздары урушуп кеткен. Алар урган аялдын кызын түрткөн экен. Ал жыгылбаптыр деле. Анан энелик кылып, баласына болушуп уруп жибериптир»,-деди Замир Сыдыков.
Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы Ош шаарында өспүрүмдөргө карата 86 кылмыш катталган. Ал эми Кыргызстан боюнча 1473 кылмыш катталып, мурдагы жылга салыштырмалуу 502ге азайган.
Оставьте первый комментарий