Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынды

Францияда олимпиада оюндарынын чемпиону Анри Дегландын жаркын элесине арналган Гран-при — Grand Prix de France мелдеши өтүүдө.

Күрөш боюнча өтүп жаткан эл аралык мелдешке Кыргызстандан Айсулуу Тыныбекова,  Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазаровалар катышышты. Жыйынтыгында Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жаназарова жеңишке жетип, алтын медаль тагынышты. Айпери Медет кызы күмүш медалга татыган.

Тыныбекова 62 килограмм салмакка чейинки кыз-келиндер менен күч сынашып, финалда франциялык Полин Лекарпентьени утуп алган. Бул жеңиш Айсулуу Тыныбекованын Индонезияда өткөн Азия оюндарынан кийинки жаңырган жылдагы алгачкы ийгилиги болду.

Францияда өтүп жаткан эл аралык мелдеш 1-февралда башталып 3-февралда соңуна чыгат.

 

Автор Т-медиа 11434 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*