
7-февралдан баштап автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы күчүнө кирет. Учурда камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга акчалай айып салуу талабын 6 айга артка жылдыруу сунушу өкмөттүн кароосунда турат. Эгер токтом долбоору кабыл алынса, айдоочулардан камсыздандыруу полисин эч бир орган мыйзам күчүнө кирсе да талап кыла албайт.
Токтом долбоорунда камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга 7-августка чейин айып пул салынбайт. Камсыздандыруу полисинин баасы айдоочунун жаш курагына, тажрыйбасына, унаасынын үлгүсүнө жана жол кырсыктарынын санына карап эсептелет.
«T-Media Group» автоунааны камсыздандыруунун өлчөмүн эсептеп чыкты. Аны төмөнкү инфографикадан көрө аласыз.
Оставьте первый комментарий