
Москва шаарында 16 жаштагы кыргызстандык бала метронун рельсине кулап кетти.
Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.
“Өспүрүм аман калган. Жабырлануучунун жамбаш сөөгү сынып, башынан жаракат алып, ооруканага жеткирилди”, — деп айтылат билдирүүдө.
Москва метрополитенинин ички иштер бөлүмүнүн билдиргенине караганда, окуя «Сходненская» станциясында болгон.
Кыргызстандын Оруссиядагы элчилиги окуянын чоо-жайы такталып жатканын билдиришти.
Оставьте первый комментарий