Сирияда бир ай ичинде 200дөй адам каза тапты

Сирия Адам укуктары боюнча жарыялаган отчетто январь айында 197 жаран кагылышкан топтор тарабынан өлтүрүлдү. Алардын ичинен 57си балдар, 27си аял болгон.

Билдирүүдө Башар Асад режими өткөн айда 44 жаранды жок кылгандыгы белгиленет.

АКШнын жол башчылыгындагы террордук уюм ДЕАШге каршы эл аралык күчтөрүнүн кол салуусунан улам 37 киши каза болуп, анын 15и жаш балдар, 12си аял, калгандары өспүрүм балдар болгон.

Ал ортодо белгисиз кишилер тарабынан 55 жаран өлтүргөн. Алардын 10ну бала, алтоо аял болгон. ДЕАШ террордук уюму кол салганда 13 жаран өлтүрүлүп, алардын үчөө жаш бала экендиги билдирилди.

Террордук уюмдардын катышуусунан 33 жаранды өлтүрүп, алардын 13нү бала, 3ө аял экендиги, аскердик оппозициячылдар жана режимге каршы куралдуу топтордун болсо 9 жарандын өлүмүнө себеп болгондугу белгиленди.

Маалыматта өткөн айда 14 кишинин кыйноо менен өлтүрүлгөндүгү билдирилди. Режим күчтөрү 11, аскердик оппозициячылдар 2 жана террордук уюм ЙПГ/ПКК 1 кишини кыйноо менен өлтүргөн.

Туголбай кызы Айжамал
Автор Туголбай кызы Айжамал 339 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо