
Катар курама командасына мамлекет тараптан кандай сыйлыктар берилет? Маалымат булактарына жарыяланды, ага ылайык ар бир футболчуга Лондондон батир, акыркы үлгүдөгү Lexus унаасы жана 2 млн чамалуу фунт стерлинг берилмекчи.
Мындан сырткары Катар эмиринин үйүнө сый тамакка чакырылышкан.
Футболчуларга мындай баалуу сыйлыктарды Катар эмири Тамим бин Хамам Аль Тани өзү убадалаганы маалымат булактарында жазылууда.
Эскерте кетсек, Катар футбол курама командасы БАЭде өткөн 17-азия кубогун жеңип алышкан.
Финалда Жапон курамасы менен беттешкен катарлыктар атаандашты 3:1 эсебинде жеңип алышкан. Катар өз тарыхында алгачкы ирет финалга чыгып, өз тарыхында биринчи ирет Азия кубогун жеңип алышты.
Оставьте первый комментарий