Аксакалга кол көтөргөн жаштар кармалды. Видео

Аксакал кишиге кол көтөргөн эки жаш жигит кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. 

2-февралда эки жаш жигит баштык көтөргөн аксакалды келекелеп, кол көтөргөн видеосу интернет булактарында жарык көргөн. Ал видео » Ош шаарында тартылышы мүмкүн» деген божомолдор чыккан. Натыйжада, окуя Ош шаарында болгондугу жана аксакалга кол көтөргөн жигиттер аныкталды.

«Кармалгандар Ош шаарынын 2002-жылы туулган тургундары. Алар Оштогу жогорку окуу жайлардын биринде окушат. Өздөрүнүн бул аракеттерин жабыр тарткан аксакалдын «ичимдик ичип, өздөрү жашаган аймакка көп келе бергендиктен ушундай кылдык» деп түшүндүрүштү»,-деп айтылат Ош ШИИБнын тараткан маалыматында. 

Аксакалды кордогон видеотасма жарыя болуп кеткен соң, кечирим сураган видеосун интернетке жүктѳшкѳн. Кармалган балдар бул кылыктары үчүн милициянын имараттында аксакалдан кайрадан кечирим сурашты.

ШИИБнын билдиришинче, жабырлануучу үч кызды эрезеге жеткирген. Оштогу мекемелердин биринде кароолчу болуп иштейт. 58 жаштагы жаран бул жигиттердин үстүнѳн арыз жазуудан баш тартты.

«Бул балдар жаштык кылып коюшту. Алардын келечегин бузгум келбейт. Аларды кечирдим. Алар жаштык кылган болсо-мен токтолуп калган кишимин. Теңелгим жок» деп жооп берген.  

Иликтөө иштери улантылууда. Балдардын биринин колундагы кастет алынды. Факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «ээнбаштык» (хулиганство) катары катталды. 

 

 

Автор Т-медиа 11933 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*