
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Өмүрбек Суваналиев Коопсуздук кеңештин катчысынын орун басары кызматына дайындалды.
Бүгүн, 4-февралда катчылыктын жамаатына Өмүрбек Суваналиевди КР Президентинин Аппаратынын башчысы Досалы Эсеналиев тааныштырды.
Өмүрбек Суваналиев буга чейин ИИМдин орун басары, Нарын облусунун губернатору, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
2017-жылдын 25-майында КРнын Коопсуздук кеңеши жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ага ылайык коопсуздук кеңешинин төрагасы болуп өлкө башчысы эсептелет. Мыйзамга ылайык Коопсуздук кеңешинин катчылыгы түзүлгөн.
Коопсуздук кеңеши КРнын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу, конституциялык кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
Коопсуздук кеңеши Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн, эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн азыркы мезгилдин чакырыктарынан жана коркунучтарынан коргоого, анын узак мөөнөттүү келечекке туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган тышкы жана ички саясат маселелери боюнча чечимдерди иштеп чыгат.
Фото: Султан Досалиев
Оставьте первый комментарий