
Ош шаарынын 2019-жылдагы бюджетинин долбоору коомдук талкууга коюлат. Коомдук угуу эртең, 5-февралда саат 9:30да мэриянын жыйындар залында өтмөкчү.
Коомдук угууга шаардык кеңештин депутаттары, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, ЖМК кызматкерлери жана шаар тургундары катышат.
«T-Media Group» бюджеттик коомдук угууну түз алып көрсөтөт. Түз алып берүү жыйын башталганга чейин эле башталат. Эгер суроолор жаралса Фейсбук баракчабызга пикир калтырсаңыз болот. Биздин кабарчыбыз тиешелүү суроолорго жооп алып бермекчи. Түз берүүнү биздин Фейсбук баракчабыздан көрсөңүз болот.
Мэриянын билдиришинче, бюджеттин көлөмү быйыл 1 млрд 127 млн сомго жетти. Өткөн жылга салыштырганда 20%га өскөн. Булардын 87 %ы салык кирешелеринен түшкөн жана быйылкы жылы кирешеден түшкөн салыктын 70%ы шаар казынасына калган.
Быйылкы жылдагы шаардагы чыгаша бөлүктөрү дээрлик өзгөргөн жок. Алдын ала божомол боюнча 42 %ы социалдык тармактарга, 33%ы турак жай жана коммуналдык чарбага, 15, 6 %ы мамлекеттик кызматтарга, 9% ы экономика тармагына жана 0,6 %ы коргонуу тармагына жумшалат.
Шаар бийлиги быйыл курулуш жана өнүгүү тармагына көбүрөөк каражат бөлөт. Анын суммасы 208 млн сом болуп, жолдорду асфальттоого жана социалдык обьектилердин курулушуна сарпталат.
Оставьте первый комментарий