
Түркиянын борбору Анкарада «16-өлкөлөрдүн кол өнөрчүлүк белектик буюм жана жергиликтүү товарлар жарманкеси» өтүп жатат.
Жарманкени Эл аралык Түрк маданиятын таанытуу уюму (ТҮРКСОЙ),Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА), Чамлыдере муниципалитети биргелешип Ататүрк маданият борборунда өткөрүүдө.
Жарманкеге быйыл дүйнөдөгү ар кайсы өлкөлөр сыяктуу Кыргызстандын дагы кол өнөрчүлөрү катышты. Кыргызстандан кол өнөрчүлөр менен бирге келген ырчылар Зарина Абдраева менен Акмарал Эркинбек кызы өз өнөрлөрүн тартуулап жарманкенин көркүн ачууда.
Анкара калкы жарманкени кыдырып, кыргыздын кол өнөрчүлүк буюмдарына суктануу менен кошо Кыргызстандын балынын даамын татып тамшанып жатышат.
Коррупциялык иштер үчүн ачылган атайын эсепке экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы 143 миллион сом которду. Бул тууралуу аталган мекемеден […]
Оставьте первый комментарий