Лавров: Кыргызстанга экинчи база ачуу Орусиянын демилгеси эмес

Экинчи аскердик базаны ачуу демилгеси Кыргызстанга таандык. Сунуш Орусия тараптан айтылбагандыгын өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргыз-Орус университетинде брифинг учурунда билдирди.

«Мындай сунуш Кыргызстандын расмий өкүлдөрү тарабынан бизге келип түштү. Азырынча биз ал демилгени карай элекпиз. Учурда Канттагы биздин авиа база ийгиликтүү иштеп жатат»,- Лавров.

Буга чейин Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов расмий Бишкек Орусиянын экинчи аскердик базасын ачууну четке какпай турганын билдирген болчу.

Элчи бул маселе орус президенти Владимир Путиндин Бишкекке болгон расмий сапарында  талкууланышы мүмкүн экенин маалымдаган.

 

Назгүл Ахунова
Автор Назгүл Ахунова 859 статей

Пикир калтыруу

avatar
  Жазылуу  
Кабарлоо