Мароккодо чочко тумоо жайылууда

Мароккодо чочко тумоосунан каза тапкандардын саны 11 кишиге жетти.

Марокконун саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүндө, өлкөдө өткөн аптадан бери 11 адам чочко тумоосу деп аныкталган H1N1 вирусунан каза болгон. Дагы 58 киши чочко тумоосун жугузуп алгандыгы аныкталган.

Билдирүүдө чочко тумоосунун айынан дарыланып жаткан 58 кишиден 15инин айыккандыгы, 32 кишинин дарылануусу уланып жаткандыгы маалымдалды.

Саламаттык сактоо министрлиги оорунун алдын алуу иш аракеттерин улантып жатканы билдирүүдө.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*