Мигранттардын балдары тактала баштады (видео)

Ошто мигранттардын балдарынын санын тактала баштады. Өнөктүк өкмөттүн токтомуна ылайык  жүргүзүлүүдө.

Токтом балдарга карата зомбулуктун жана укук бузуунун алдын алуу максатында кабыл алынган. Ишке ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн.

Комиссиянын курамында  социалдык коргоо башкармалыгынын кызматкерлери, жаш өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор, билим берүү жана саламаттык сактоо кызматкерлери бар.

Алар ар бир үйгө кирип, балдардын документтерин, жашоо шартын, саламаттыгын текшерүү менен мигранттардын балдарын маалымат базасына каттоого алышат.

Ош мэриясы өкмөттүн токтомунун негизинде 21-январда буйрук чыгарган. Азыр жумушчу топ мигранттардын балдарын тизмектөөнү баштады. Кененирээк сюжеттен көрүңүз.

Автор Т-медиа 11665 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*