
Орусиянын Москва шаарында коммуналдык чарба кызматкерин иш берүүчү сабап салды. Токмоктолгон кызматкер Кыргызстандын жараны болгон.
Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, 20 жаштагы кыргызстандык жаран токмоктон кийин башынан жана бетинен жаракат алган. Ал Москванын Арбат районундагы «Жилищник» мамлекеттик бюджеттик мекемесинде короочу болуп иштечү.
Окуяга шектүү катары орусиялык жаран 1980-жылы туулган Г.Н. кармалды. Ал «Жилищник» мекемесинин башчысынын милдетин аткаруучу болуп турган.
Учурда аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Анда шектүүгө «Атайлап ден соолукка залал келтирүү» беренеси боюнча айып тагылып жатат.
Оставьте первый комментарий