
Ош шаардык тез жардам кызматынын дарыгерлери укук коргоо органдарынан акыйкат чечим талап кылып чыгышты.
Дарыгерлерге өткөн жылдын январь айында каза болгон 12 жашар кыздын өмүрүнө шалаакылык мамиле кылды деген айып тагылган. Коюлуп жаткан айыпты четке каккан дарыгерлер экспертизаны кайрадан карап чыгууну тиешелүү органдардан талап кылууда.
Тез жардам кызматынын дарыгери Элмира Сыдыкова күнөөсүз жерден моралдык жана психологиялык жактан жабыркап жатканын айтып, акыйкаттык болбосо үч күндүн ичинде өзүн өрттөй турганын билдирди.
12 жашар кыз тез жардам кызматына кайрылган учурда нөөмөттө дарыгер Алымбек Сабиров турган. Айтымында, ал 8-январында медициналык тез жардам кызматынын кароосунда болуп, 10-январда облустук балдар ооруканасына өткөрүлгөн. Ал жакта эки күндөн кийин каза болгонун билдирет.
Учурда бул ишти Ош шаардык прокуратурасы карап жатат. Алардан интервью алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.
Эскерте кетсек, 12 жашар кыз өткөн жылдын 12-январь күнү Ош облустук балдар орукнасында каза болгон. Анын өлүмүнө 6 дарыгер шалаакылык менен мамиле жасаган деп күнөө тагылган.
Оставьте первый комментарий