
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орусиянын президенти Владимир Путин менен 14-февралда Сочиде жолугат.
Бул тууралуу Эрдоган Түркия радио телеберүү мекемеси ТРТга берген маегинде айтты. Анын билдиришинче, эки өлкөнүн президенттери жолугушууда Сириянын бүтүндүгүн жана саясий биримдигин талкуулашат.
«Биз Сириянын майдаланышын каалабайбыз.Биз Орусия, Иран менен ушул өңүттө Сочиде башталган бардык иштерде буга чечкиндүү басым жасадык»,-деди Эрдоган.
Эрдоган Орусияга Түркиядан бир делегация кеткенин жана ал жердеги жолугушуулардан оң натыйжа өнүгүү болгонун кошумчалап өттү.
«Ал натыйжа менен бирге бул жердеги уюмдар тез арада бул жерди таштап чыгышат. Бул бир нерсени камсыздайт, 300 миңдей сириялык өлкөсүнө кайтты. Бул жерлер бошотулган соң бул жердин калкы жерине кайтат. Артка кайтуу башталды, ар ким өз милдетин аткарсын»,-деп айтты.
Сирияга 23 миң фура курал-жарактар менен аскердик шайман киргенин белгилеген Эрдоган алардын баары АКШга таандык болуп чыкканын айтты.
Террордук уюмдар куралдарды сатып жатканын түшүндүргөн Эрдоган: «Финансылык булактардын катарында АКШда бар. Ал жердеги жаран калктын колунда АКШнын куралдарын көрүүгө болот»,-деп айтты.
Трамптын Евфрат дарыясынын чыгышынан «биз чыгабыз, чегинебиз» деген убадасы болгонун эске салган Эрдоган «Муну кыска мөөнөттүн ичинде ишке ашырышат деген ойдомун. Анткени биз коркунуч астында жашагыбыз келбейт. Ошондуктан коркунучтун белгисин көрөр замат, ансыз деле биздин бардык даярдыгыбыз болгондуктан эмне керек болсо ошону кылабыз»,-деди.
Оставьте первый комментарий