Индия: чочко тумоосу 200дөй кишинин өмүрүн алды

Индияда жыл башынан бери чочко тумоосунан 169 кишинин каза болгондугу билдирилди.

Улуттук ооруларды текшерүү борборунун билдирүүсүндө 27 -январга чейин өлкөдө 4 миң 571 киши чочко тумоосуна кабылган. Алардын 169у каза болгондугу белгиленди.

Чочко тумоосу деп аныкталган H1N1 вирусунан көбүрөөк киши Ражастан аймагында каза болуп жаткандыгы  маалымдалды.

Дели, Гужарат жана Харяна шаарлары оорудан эң көп таасирленген аймактар болуп эсептелет.

Өткөн жылы Индияда чочко тумоосу менен 14 миң 999 киши  ооруган. Өлкөдө H1N1 вирусунан жалпы 1103 киши каза болгон.

Автор Т-медиа 12136 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*