
12-февралдан тартып “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштайт. Бул туурадуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
“Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабы жыйынтыкталып, анын алкагында камералар борбор калаанын 10 кесилишине орнотулган. Ал камералар бир жумадан кийин иштей баштайт.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттигинин билдиришинче «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында камералар төмөнкү жети эреже бузууну каттоого алат.
- Тыюу салуучу жол чырагынан өтүү
- Кыймылдын карама-каршы тилкесине чыгуу
- Унаа каражатынын жолдун четинде, тротуарда, велосипед жолдорунда, газондордо жана жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден жүрүүсү.
- Тыюу салуучу жол чырагында токтоо-сызыкчасынан өтүү
- Унаа каражатынын айдоочусунун жөө адам өткөөлүнүн талаптарын сактабагандыгы.
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу
- Унаа каражатынын айдоочусунун токтотуунун жана унаа токтотуучу жайдын талаптарын сактабагандыгы.
Аппараттык-программалык комплексинин жардамы менен тартылып алынган маалыматтарды Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББнын мониторинг борбору тарабынан катталып жана иштелип чыгат.
Ыйгарым укуктуу органдар видеотасма жана сүрөттөр иштелип чыккандан кийин, унаа каражатынын ээсине айып салуу жөнүндө токтом жөнөтөт.
Айып салуу Кыргыз Республикасынын бузуулар Кодексине ылайык көрсөтүлөт.
Оставьте первый комментарий