Ахлидин Исраилов Өзбекстандын Андижан клубунда ойнойт

Кыргызстан курама командасынын жарым коргоочусу Ахлидин Исраилов Андижан клубу менен келишим түздү.

Бул тууралуу футболчунун атасы Шүкүрүлло Исраилов өзү тастыктады. Анын биздин сайтка билдиргенине караганда, Ахлидинге  Армения, Россия жана Өзбекстандын бир катар футболдук клубтарынан сунуштар болгон. Бирок ал Андижан клубунун сунушун жактырып, ошол клуб менен 1 жылдык келишим тузгөн.

sport.akipress.org сайтынын маалыматына караганда Андижан клубу кыргызстандык Дордой командасынын жарым коргоочусу Миролимжон Ахмедов менен да келишим түзүшү мүмкүн. Азыркы учурда Миролимжон да Өзбекстанда клубдун кароосунда жүрөт.

 

 

Автор Т-медиа 11147 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*