Бишкекте кайгуул милициясы иштеп баштайт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-2020-жылдарда Бишкек шаарында милициянын кайгуул кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоорго кол койду. 

Бул долбоор укук коргоо тармагын реформалоо максатында жүргүзүлүп жатат. Анын алкагында коомдук жайларда, жолдордо орун алган бейбаштыктарга ыкчам жооп кайтарылат.

Өкмөттүн бекиткен планына ылайык, жаңы түзүлгөн милициянын кайгуул кызматына кызматкерлер сынактын негизде алынат. Талапкерлердин баары милдеттүү түрдө кошумча окутуудан өтүшөт.

Коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу максатында жаңы кабыл алынган кызматкерлер жогорулатылган акчалай көмөк алышат. Алардын материалдык-техникалык базасы жакшыртылмакчы.

Жаңы түзүлүп жаткан кызматка жол коопсуздугун камсыздоодон тышкары  «102» кызматына жарандардан келип түшкөн кайрылууларга ыкчам жооп берүү милдети да жүктөлөт.

Эскерте кетсек, милициянын кайгуул башкармалыгына кызматкерлерди тандоо Бишкек шаарында пилоттук долбоордун алкагында үч баскычта өткөрүлөт. Биринчи баскычта тандалган кызматкерлер ушул жылдын 1-июлунан тарта кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.

Автор Т-медиа 11442 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*