БУУ Венесуэла маселеси боюнча маалымат берди

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш Венесуэладагы кризиске саясий чечүүчү жол таба тургандыгын айтты.

Гутерриш БУУнун башкы борборунда журналисттерге маалымат берип, Венесуэладагы кризисти санааркоо менен байкап жатканын айтты.

Тийиштүү өлкөлөр менен ар түрдүү иш-аракеттерди сүйлөшкөнүн билдирген Гутерриш: «БУУ, Венесуэлада тараптарга кризиске саясий чечүүчү жол табылышы темасында колдоо сунушунун ишенимдүүлүгүнүн бузулбоосу үчүн эч бир топтун жанында орун албоого чечим чыгарды»,-деди.

Венесуэлада оппозиция жана бийликти жактагандардын 23-январда өткөргөн митингдери өлкө жана аймак жагынан абдан маанилүү окуя болду.

Көпчүлүгү оппозициячылдардан турган Улуттук парламенттин төрагасы Хуан Гуайдо, оппозициячылдардын митингинде өзүн «убактылуу президент» деп жарыялады жана АКШ баштаган Австралия, Канада, Колумбия, Перу, Эквадор, Парагвай, Бразилия, Чили, Панама, Аргентина, Коста-Рика жана Гватемала сыяктуу өлкөлөр тарабынан таанылган.

Түркия, Мексика, Орусия, Куба, Кытай жана Боливия болсо Венесуэланын президенти Николас Мадуро өкмөтүн колдой тургандарын билдирген. Мадуро болсо бул абалдан улам АКШ менен дипломатиялык жана саясий карым-катнаштарын жойгонун, бирок экономикалык карым-катнаштардын улана турганын жарыялаган.

АКШ эң акырында Венесуэланын мамлекеттик мунай зат фирмасы PDVSAга санкция киргизүү чечимин чыгарган жана бул өлкөнүн АКШдагы финансылык байлыктарынын Гуайдого өткөрүлгөнүн жарыялаган.

Автор Т-медиа 11442 статьи

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*