Эми Фейсбуктан жиберген билдирүүңүздү бирөө көрө электе өчүрө аласыз

Facebook эми жиберилген билдирүүлөрдү өчүрүү үчүн атайын кызмат кошту. Буга чейин мындай кызматты бир гана Цукерберг колдоно алчу.

Мурда Фейсбуктун мессенджери аркылуу жазган билдирүүлөрдү дароо өчүрүү мүмкүн эмес эле. Эми жаңы кызмат кошулуп, жиберилген билдирүүнү башкалар окуганга чейин өчүрө аласыз. Ал  iOS жана Android системаларында иштейт.

Билдирүүнү өчүрүү үчүн эки жолу экранды басуу керек. Андан соң билдирүүнү жазышып жаткан баардык катышуулар үчүн өчүрүү жана  өзүң үчүн өчүрүү баскычы чыгат. Экөөнүн бирин тандап өчүрө аласыз.

Бирок билдирүүнү жазгандан соң 10 мүнөттүн ичинде гана өчүрүүгө болот. Убакыт өткөндөн кийин кызмат иштебей калат.

Facebookтан мындай кызматты буга чейин Марк Цукерберг жана башка жетекчилери гана иштете алышат эле.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*