
Калың түшкөн кардан улам каттамдары токтотулган «Манас» эл аралык аэропорту кайрадан ишин жандантты.
Каттамдар кадимки тартипте иштей баштаганын “Т-медиага” аба майдандын маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.
Буга чейин 10 учак учуу жана конуу убактысынан кармалып, бардык каттамдар бүгүн таңкы саат 6.30дан тарта токтотулган эле. Учуп-конууну иштери саат 10:08де иштей баштады.
Каттамдар убактылуу токтотулганына байланыштуу Стамбулдан чыккан «Түрк аба жолдору» жана Дубайдан учуп келген Fly Dubai компаниясынын аба кемелери Ташкенттин запастагы аэродромуна жөнөтүлгөн.
Оставьте первый комментарий