
Калың түшкөн кардан улам «Манас» эл аралык аэропорту ишин убактылуу токтотту.
Бул тууралуу “Т-медиага” аба майдандын маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.
Буга байланыштуу 10 каттам учуу жана конуу убактысынан кармалып жатат.
Стамбулдан чыккан «Түрк аба жолдору» жана Дубайдан учуп келген Fly Dubai компаниясынын аба кемелери Ташкенттин запастагы аэродромуна жөнөтүлгөн.
Учактардын учуп-конуусу бүгүн таңкы саат 6.30дан тарта токтотулган. Учуп-конууну токтотуу иштери саат 11.00гө чейин жүрмөкчү.
Ал эми түнкү рейстердин баары эч тоскоолдуксуз аткарылганы кабарланды.
Оставьте первый комментарий