ОСАГОнун дагы артка жылдырылышына эмне себеп?

Өкмөт «автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча» мыйзамдын күчүнө киришине 12 саат калганда үчүнчү жолу артка жылдырды. Эми аталган мыйзам 2021-жылдын февраль айында күчүнө кирет. 

Өкмөттүн мындай кадамы жыл башынан бери күчүнө кирген «түкүрүк» жөнүндө жана жол кыймылы эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулдун жогорулатылышы сыяктуу бир катар кодекстер коомчулук тарабынан талкууга алынуусу себеп болгонбу, айтор түшүнүксүз.

ОСАГОнун мөөнөтүн жылдыруу боюнча сунушту Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров ушул жылдын 17-январда демилгелеген. 

Анын демилгесин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков колдоп, аталган мыйзамдын айланасында түшүнбөстүк келип чыгышы ыктымал экенин айтып, өкмөткө алдын ала даярданууну сунуш кылган болчу.

Себеби бул мыйзамдын «багы ачылбаганы» ушуну менен 3 жолу тастыкталууда.  2015-жылдын 24-июлунда кабыл алынып, 2016-жылдын 7-февралына чейин жылдырылган. Бирок Жогорку Кеңештин депутаттары 2016-жылдын январында бул мыйзамдын күчүнө киришин 3 жылга, тактап айтканда 2019-жылдын февралына чейин жылдырышкан.

Анда эмне үчүн демилге бул жолу дагы колдоо тапкан жок? «ОСАГО»нун ишке киришине же мамлекет даяр эмес беле? Даяр эмес болсо анда неге 3 жылдан ашуун ушул маселени карап чыккан жок? 2021-жылы бул мыйзамды ишке ашуу убактысы дагы жылып кетпейби? Ага ким кепилдик бере алат? Анан дагы, 2015-жылдан бери ушул мыйзам долбоорду ишке ашырууга канча каражат кетти? 

Эсиңиздерге сала кетсек, эгер мыйзам күчүнө киргенде автоунааларды камсыздандыруунун каржылык көзөмөл кызматы сунуш кылган эң төмөнкү өлчөмү — 1680 сом болмок.

Келишим аркылуу камсыздандырылуучу сумма, ар бир жүргүнчүгө ден соолугуна же өмүрүнө келтирилген зыян үчүн 100 сомдон 300 миң сомго чейинки каражат төлөнүп берилмек. Мүлккө келтирилген зыян үчүн — ар бир жабырлануучуга 150 миң сомдон жогору эмес, ал эми жалпы жабырлануучуларга 450 миң сомдон жогору эмес каражат берилмек болчу.

Автоунааларды камсыздандыруу боюнча мыйзам кошуна Казакстанда 2003-жылы эле кабыл алынган.  Ал эми Өзбекстанда 2008-жылдан тартып иштеп жатат.

 

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*