Тогуз-Тородо кар көчкүгө камалып калган жүргүнчүлөр чыгарылды

Тогуз-Торо районунун Казарман-Актал-Чат унаа жолунда кар көчкү түшүп, камалып калган бир жеңил машина, эки оор жүк ташуучу автоунаа тогуз жүргүнчүсү менен чыгарылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, болжол менен саат 17:15те аталган унаа жолу бир тараптуу ачылып, өтө албай калган транспорттор өткөрүлгөн. 

Кар көчкүдөн жабыркагандар болгон эмес. Учурда унаа жолду кеңейтип тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Эске сала кетсек, Чоң-Алай районунда көчкү түшүп,  өтө албай калган 16 автоунаанын 70 жүргүнчүсүнө жардам берилип жол ачылган.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*