Аскарбек Шадиевдин мүлкү мамлекетке өттү

Жогорку кеңештин мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевдин мүлкү конфискацияланып, мамлекетке өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу коопсуздук кеңешинин  катчысы Дамир Сангынбаев маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, Акскарбек Шадиевдин мүлкү конфискацияланып, он жылга сырттан эркинен ажыратып, үй мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Конфискациянын жалпы суммасы 1 миллиард 852 миллион сомду түздү.

2018-жылдын 25-декабрында Биринчи май райондук соту Шадиевди 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган. Кийин анын мүлкүнүн тизмеси жарыяланып, жалпы суммасы 1 852 236 99 сомду түзөөрү кабарланган.

Аскарбек Шадиевге алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон.

Андан соң Шадиев АКШга качып кеткени кабарланып, «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси боюнча иш козголгон. Андан сырткары «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлган.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*