Былтыркы жылдын бюджетинин жыйынтыгы чыкты

Каржы министрлиги өткөн жылдагы республикалык бюджеттин жыйынтыгын чыгарды. 

Коллегиялык жыйынга премьер-министр Мухаммед Абылгазиев, мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы, салык жана бажы кызматтарынын жетекчилери катышышты.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП өсүүсү 3,5%ды түзгөн. Республикалык бюджет киреше ж чыгашаларды эске алганда 6 633,9 млн сом дефицит менен аткарылды.

Республикалык бюджетке 103 736,9 млн сом салыктык киреше түшкөн, бул 2017-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 13,4 %га, же 12,3 млрд сомго  көп. Салыктык эмес түшүүлөр 22 552,0 млн сом суммасында эсептелди.

Мындан тышкары 2018-жылга карата мамлекеттик инвестициялар программасынын каражаттары боюнча бюджетти аткаруу болжолдуу түрдө 14 889,0 млн сомду түздү (бекитилген пландан 4,7 млрд сомго аз).

«Өткөн жылы буга чейинки жылдарга салыштырмалуу биз бюджеттин тартыштыгын кыскартууга жетишкенибизди атоого болот. Ал 6,6 млрд сомду түздү же ИДПга карата 1,2%, бул 2017-жылга караганда 10,7 млрд сомго төмөн»,-деди өкмөт башчы.

Премьер-министр бюджеттин чыгымдык натыйжалуулугун жогорулатуу зарылдыгын белгилеп, товарларды жана тейлөөлөрдү сатып алуунун максатка ылайыктуулугун талдоо жүргүзүүнү тапшырды.

 

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*