Илим аныктады. Аялдын мээси эркекке караганда кеч картаят

Адамдын картайышы менен мээси бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болот. Мисалы, адам улгайган сайын мээнин метаболизми өзгөрөт. Бул процесс эркектер менен аялдарда түрдүүчө жүрөт.

Метаболизм – адамдын организминдеги зат алмашуу. Метаболизмдик процесстин ылдамдыгы менен энергия топтолот.

Вашингтон университетиндеги медициналык мектептебинде изилдөөчүлөр бир курактагы эркектер менен аялдардын мээлерин салыштырган. Жыйынтыгында, эркектердин мээсинин метаболизми аял кишиникине салыштырмалуу бат картая турганыдыгын аныкташкан.

Адамдын мээсине энергия топтош үчүн шекерди талап кылат. Бирок бул процесс куракка жараша өзгөрүп турат. Жаны төрөлгөн балдардын метаболизм процесси тез жүрөт. Муну медицинада аэробдук гликолиз деп түшүндүрүп келишет. Аэробдук гликолиз – бул баланын физикалык өсүшү жана мээсинин өрчүп жетилиши. Калган глюкоза адамдын ой жүгүртүүсүнө, бир нерсени эсине сактап калышына жумшалат.

Адамдын мээси курак алмашкан сайын өзгөрөт. Тагыраак айтканда: балалык, жаштык, улгайган куракта өзгөрүүгө дуушар болот.  Мээ шекерди когнитивдик кызматы — мээнин кабыл алуу, эске тутуусу аткарыш үчүн талап кылат. Бирок мээдеги аэробдук гликолиздин көлөмү жылдан жылга төмөндөй берет.

Изилөөчүлөр метаболиздик процесс аял менен эркек кишилердин мээсинде кандай жүрөөрүн текшерип көрүшкөн. Текшерүүгө 20 жаштан 82 жашка чейинки 121 аял, 84 эркек кишилерди кабыл алышкан.

Алардын мээсиндеги кычкылтекти жана глюкознын жумшалышын аныкташ учун томографиядан өткөрүшкөн. Окумуштуулар ар бир пациенттин мээсиндеги шекердин өлчөмү, аэробдук гликолиздин мээнин ар башка бөлүкчөлөрүндө жайгашкандыгын аныкташкан.

Андан кийин изилдөөчүлөр жашына жараша эркектер менен аялдардын мээсинин метаболизмин аныктаганга өтүшкөн. Жыйынтыгында аял кишилердин мээси орточо эсеп менен эркек кишилердин мээсине салыштырмалуу 3,8 жылга жаш болоору билинген.

Окумуштуулар бул жыйынтыкты кайрадан текшерип көрүүнү туура көрүшөт.  Экинчи ирет да ошол эле жыйынтыкты көрсөткөн. Андан кийин ушул эле изилдөөнү эркек кишилерге жүргүзүшкөндө аларда өзүнүн жашынан 2,4 жылга картаң көрүнөөрү маалым болгон.

Окумуштуулар улгайган эркектердин когнитивдик кызматы алсызданганын байкашкан. Ал эми улгайган аялдардын көпчүлүгү нейродегенеративдик оорулар менен оорушкан.

Анда сырткары мээдеги экспрессиялык ген эркек кишилердики аял кишилердин мээсине караганда тез картаят.

Изилдөөчүлөр ушундай маселелерден улам окумуштуулар адамдардын мээсинин метаболизминин когнитивдик кызматтарынын бузулушунан жол бербей жаш сактап калууга болобу деген суроонун үстүндө изилдөө жүргүзүп жатышат.

 

 

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*