Ош: 2018-жылдын мыкты мекемелери аныкталды. Тизме

Өкмөт башчы Мухеммедкалый Абылгазиевдин катышуусунда Ош шаарынын былтыркы жылдагы социалдык-экономкалык көрсөткүчү боюнча жыйынтык чыгарылды. 

Премьер-министр аймактарда, анын ичинде Ош шаары сыяктуу туристтик потенциалы зор шаарларда туризмди өнүктүрүү зарылдыгына айрыкча көңүл бурду.

«-Ош шаарынын тарыхы өзгөчө жана бай, кайталангыс колорити жана жагымдуулугу бар. Мындан улам Ош шаары 2019-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланды. Албетте, бул чечим туристтерди көбөйтүүгө шарт түзөт.  Кеп логистика, зарыл инфраструктураларды куруу, мыйзамдуулукту жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо тууралуу болуп жатат. Ош шаарында туризмди ырааттуу өнүктүрүү үчүн вице-мэрлердин ичинен жооптуу адамды дайындоо зарыл, – деди Абылгазиев.

Коллегиялык отурумда аткарган ишине жараша мыкты мекеме-ишканалар аныкталып, 10 000 сом өлчөмүндө сертификат жана «2018-жылдын мыкты мекемеси» деген баракчалар тапшырылды.

Сыйлыктарды Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев ыйгарды. Ар тармактан жалпы жети мекеме Ош мэриясынын сыйлыгына татыды.

Алар төмөнкүлөр:

— Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы;

— Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгы;

— «Ош шаардык суу чарба» муниципалдык башкармалыгы;

— Ош мамлекеттик университети;

— Мамлекеттик статистика комитетинин Ош шаардык башкармалыгы;

— Социалдык фондун Ош шаарындагы башкармалыгы;

— Ош шаардык реаблитациялоо жана мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды калыбына келтирүү борбору;

 

 

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*