Салык кызматы эскертет! Салык декларациясы кабыл алына баштады

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампания жүрүп жатканын эскертти. 

Салык кызматынын расмий сайтында жарыялангандай, кезектеги декларациялык кампания жылдагыдай эле эки этап менен өтөт. 1-мартка чейин юридикалык тараптар салык декларациясын тапшырууга милдеттендирилсе, жеке жактарга 1-апрелге чейин акыркы мөөнөт көрсөтүлгөн.

1-мартка чейин- салык декларациясын ата-мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстанда ишмердигин ишке ашырган чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар жана юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар Бирдиктүү салык декларацияны тапшырууга милдеттүү.

Декларациялык кампания өткөн жылдагы кирешелерди, жер участоктору, мүлк объектилери, экономикалык ишмердиктери жана башка маалыматтарды каттайт.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 194 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Автор Т-медиа 11166 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*