
Кечээ 6-февраль күнү Ысык-Көл районунда ылдамдыгы секундасына 15-28 метрге жеткен катуу шамал катталып, имараттардын жана турак-үйлөрдүн чатырларын учурду.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиргендей, шамал «Чолпон-Ата суу канал» муниципалдык ишканасынын 185 чарчы метр чатырын, Кош-Көл жана Тамчы айылында эки турак-үйдүн 45 чарчы метр чатырын учурган.
Катуу шамал кечээ саат 15:30-16:00дөр чамасында катталган. Окуядан адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.
Учурда келтирилген материалдык чыгымдар такталып жатат.
Оставьте первый комментарий