Жогорку Кеңеш Абылгазиевдин ишин сынга алды

Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт түзүмүнүн иши сынга кабылды. 

Депутат  Наталья Никитенко Караколдон фермерлер кайрылганын айтып, сүт чыгарган кичи ферма түзүүгө уруксат кагазын ала албай жүргөнүн жалпы жыйында көтөрдү.

Эл өкүлүнүн сөзүн депутат Евгения Строково да колдоого алып өкмөттү билим берүү жана саламаттык сактоо тармагына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Эл өкүлдөрү парламенттин бир дагы жыйыны өкмөт башчыга карата нааразычылык айтылбаган күнү  болгон жок деп белгилеп жатышат.

Эскерте кетсек, Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт 2018-жылдын 20-апрелинде ишин баштаган.

Автор Т-медиа 11169 статей

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*