
Парламент депутаты Камчыбек Жолдошбаев карышкырларды танк менен атууну сунуштады.
Ал карышкыр аткандарга өкмөттөн каралган 6 миң сомдон социалдык төлөм жана башкаларын кармап калганда мергенчилер колуна 4800 сом аларын, дагы 2 миң сомдон кошуп берүүнү да сунуштады.
«Тик учак менен атканга болбойт, мергенчиликтин өзүнүн жолдору бар дейт. Эми карышкырды танк менен деле ата бербейби. Карышкыр кийиктердин бардыгын жеп койгону үчүн ылдый жактагы элдин короосуна секирип кирип курсагы ачып жатат. Ушул маселе боюнча Рустамовго тапшырма бергиле«,- деди Камчыбек Жолдошбаев.
Жолдошбаев айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамов тоодогу кийиктердин баарын эбак эле жеп койгон, ошондон улам карышкырлар түзгө түшүп, малга кол салууда деп кошумчалады.
Буга чейин Камчыбек Жолдошбаев Жогорку Кеңештин жыйынында коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчага тик учак алып, Ат-Башы элинин тынчын алган карышкырларды атууну сунуштаган болчу.
Оставьте первый комментарий